Ссылки доступа

Тажикстанда дээрлик тогуз жыл абакта отурган журналист эркиндикке чыкты (видео)


Тажикстанда сегиз жыл 10 ай абакта отурган журналист Мухаммадюсуф Исмоилов 16-апрелде Хоженттеги түзөтүү жайынан эркиндикке чыкты.

Журналист "опузалоо" жана "алдамчылык" айыбы менен 2013-жылы октябрда 10,5 жылга эркинен ажыратылган. Андан бери Тажикстанда үч жолу мунапыс мыйзамы кабыл алынып, Исмоиловдун жаза мөөнөтү жалпысынан 1 жыл 7 ай 18 күнгө кыскартылган. Мындан тышкары анын абактан чыккандан кийин үч жыл журналистика менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Исмоилов бир аялды жашыруун маалыматын ачыкка чыгарам деп опузалап, андан акча талап кылган. Бийликтин ырасташынча, журналист ал аялдан 400 сомони алып жаткан учурда кармалган.

Исмоилов айыптоолорду четке кагып, Согди облусундагы аткаминерлердин айыбын ачып, сын көз караштагы макалаларды жазганы үчүн жергиликтүү бийлик аны өч алуу максатында каматканын билдирген.

Видео

Видео

Экинчи аял: "Жашынган жашоодон тажадым"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:34:33 0:00
XS
SM
MD
LG