Мекеменин билдирүүсүндө казак-орус чек арасы Казакстан менен Орусиянын жарандары үчүн гана ачык экени белгиленген.
Үчүнчү өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын жарандары Казакстандан Орусияга төмөнкү кошумча документтерди көрсөткөн учурларда гана киргизилет:
- Орусияда орус жарандыгын алган жакын тууганынын бар экенин ырастаган документ;
- камкордукка муктаж жакын тууганын кароого баратканын ырастаган документ;
- мекендештерди көчүрүп келүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучусу экенин ырастаган документ.
"Түшүнбөстүктөр болбошу үчүн Орусияга барууда казак-орус чек арасын орус жарандыгын ырастаган документтери бар адамдарга гана колдонууну сунуштайбыз", — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Орусия 30-мартта Казакстан менен кургактыктагы чек арасы аркылуу жарандардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөрдү алган. Эки өлкө ортосундагы чек ара 2020-жылы марттын аягында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган.
Казакстандын бийлиги 11-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек араларындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган.
16-мартта өзбек-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер кайрадан кадимки тартипте иштей баштаган. Эки өлкө ортосундагы чек ара 2020-жылы апрелде коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жабык бойдон калууда. Кыргыз бийлиги 2021-жылы апрелдин аягында болгон куралдуу чек ара чырынан кийин бул өлкө менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошондой эле тажик жарандарынын үчүнчү өлкөлөр аркылуу да Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынган.