Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө «Өзенпромгеофизика» компаниясынын жумушчулары иш таштады


Жаңы-Өзөн шаарында "Өзенпромгеофизика" мунай компаниясынын жүздөй жумушчусу нааразылыкка чыгышты. Алардын айтымында, акция 15-апрелде башталган, жумуш ошондон бери токтоп турат.

– Мен 8-разряддагы инженермин. Алган айлыгым – 250 миң теңге. 120 миң теңге алгандар да бар. Мындай акча менен өмүр сүрүү кыйын. Былтыр ушинтип нааразылыкка чыккандан кийин айлыгыбыз 30 пайызга көбөйтүлгөн. Бирок аны эки ай беришип, үчүнчү айда токтотуп коюшкан. Жетекчиликке эскерттик, комиссия иштей баштады. Жумуш берүүчү маянаны 20 пайызга жогорулатабыз деп жатат. Биз ал шартка макул эмеспиз. Айлыгыбызды эми 100 пайызга көбөйтүүнү талап кылып жатабыз, – деди жумушчулардын бири Эрик Садыров.

Жумушчулар жергиликтүү акимчиликти эскерткенин айтышты. Алар Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдошту.

– Маянаны 100 пайызга көбөйтүп, социалдык пакет менен камсыздоону, 13-маянаны эки эсеге жогорулатууну жана жыл сайын индексацияны 10 пайыздан кем кылбоону талап кылабыз, – дешкен жумушчулар.

“Өзенпромгеофизика» бул боюнча комментарий бере элек. Расмий маалымат боюнча компания 1994-жылы каттоодон өткөн, 200дөй жумушчу иштейт. Компания геологиялык чалгындоо менен алектенет.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG