Демилгечил топтун лидери, Казакстандын демократиялык кыймылынын ардагери Жасарал Куанышалин партияны каттоодон өткөрүүнүн башкы максаты – парламенттик багытта иштөө экенин айтты.
– Саясий партиялар деп “Ак жок”, “Казакстан калк партиясын” аташканы менен, алардын бийлик менен макулдашып иш алып барарын элдин баары билет. Нагыз саясий партия жок. Маркум Серикболсын Абдилдиндин партиясын иритип, бөлүп бүтүрүштү. Ошондуктан азыр чыныгы оппозициячыл партия керек. Жагдайыбыз белгилүү, каттоодон өтө албайбыз деген шектенүү да жок эмес. Бирок “КДТ”, “Көчө” деген көз карандысыз саясий кыймылдарды далилсиз түрдө экстремист деген мыйзамсыздык менен кантип күрөшүп, аны кантип оңдоого болот? Алар көчөгө чыккан сайын камалып жатат, – деди ал.
Жасарал Куанышалин партия документтерин алып келгенин, бирок оппозициялык комитеттин жыйынынын протоколу жана миң кишиден турган демилгечил топтун колу жетишпей жатканын кошумчалады. Ал бир нече күн ичинде бул документтерди топтоп, кайрадан каттоого арыз беришерин белгиледи.
Казакстан мыйзамдары боюнча партияны каттоодон өткөрүү үчүн анын 20 миңден кем эмес мүчөсү болууга тийиш. Уюштуруучулар өлкөнүн бардык аймактарынан келген миңден кем эмес кишинин катышуусунда съезд өткөрүшү керек. Оппозиция бийликке каяша айтпай турган партиялар гана каттоодон өтүп жатканын билдирүүдө.