Долбоордун автору, Душанбедеги окуу жайлардын биринин окутуучусу Файзулложон Сафаров бул системанын иштелип чыгышы Тажикстандын маалыматтык коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептейт.
"Англис тилдүү өлкөлөр Google'ду, орус тилдүүлөр Яндексти колдонушат. Бирок бул системалар тажикстандыктар үчүн бардык керектүү маалыматтарды бербейт. Бул ишти биздин smj.tj сайтыбыз жакшы аткарат", — деди Сафаров.
Учурда smj системасын Сафаров достору менен иштетип жатат. Бул үчүн алар өз каражатын жумшашкан.
Технология тармагындагы айрым адистер бул долбоорду колдоп, ошол эле маалда аны иштетип кетүү өтө оор болорун белгилеп жатышат. Алардын бири Рустам Гулов Google сыяктуу издөө системалары 1990-жылдардын соңунда, бул рынок бош кезде ишке киргенин белгилөөдө.
"Биздин улуттук система тажикстандыктар Google менен Яндексти колдонууга көнүп калганда чыгып жатат. Аларды улуттук системага өткөрүү өтө оор болот. Техникалык жактан да кыйынчылыктар бар. Анткени долбоордун өзүнүн серверлери болуп, алар Интернеттин тажик сегментин толук өзүнө камтышы керек. Мындан тышкары бул системанын алгоритми Google менен Яндекстикинен жакшыраак болуп, маалыматты тезирээк таба алышы зарыл. Болбосо ал рынокто өз ордун таба албайт", - деди Гулов.
Бирок долбоордун авторлору өз ийгилигине ишенип турушканын айтууда. Ошол эле маалда азырынча аларда Google жана Яндекс сыяктуу глобалдык IT-корпорациялар менен атаандашуу үчүн зарыл болгон инвестициялар жок экенин белгилешүүдө.
Буга чейин Тажикстанда Facebook, "Одноклассники" сыяктуу улуттук социалдык түйүн түзүү аракеттери болгон. 2015-жылы ачылган "Хамсинфон" (орусча "Одноклассники") түйүнү тез эле жабылып калган.