Ссылки доступа

Алматыда беш кишини өлтүрүүгө шектелген Дужновго өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы суралды (видео)


Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда прокурор шаар тургуну Игорь Дужновду өмүр бою эркинен ажыратууну өтүндү. Ал былтыр сентябрда үй-бүлөсүн турак жайынан мажбурлап чыгарууга келгендерди атып өлтүргөн деп шектелүүдө.

Мындан тышкары Алматынын 54 жаштагы тургуну Игорь Дужновго "Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү", "Сот өкүмүн аткарбоо", "Кылмыш кылууга даярдануу", "Сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жаткан адамдын өмүрүнө кол салуу" жана "Чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу" беренелери боюнча айыптар тагылган. orda.kz сайтынын маалыматына караганда, Дужнов 2014-жылы Украинанын чыгыш аймактарындагы согушка катышкан.

Прокурор Дужновду өмүр бою эркинен ажыратуу өтүнүчүн айыпталуучунун "кылмышка атайылап барганы жана анын кесепеттерин жакшы билгени" менен түшүндүрдү.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Дужнов акыркы сөзүн 21-апрелдеги отурумда айтат.

Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр быйыл 18-мартта башталган. Буга чейинки отурумдарда Дужнов 2014-жылы Украинанын Луганск облусунда орусиячыл жикчилдердин тарабында согушка катышканын моюнуна алган. Ага чейин Алматыдагы беш кишинин өлүмүн "душмандык топту жок кылуу" деп атап, кармалгандан кийин полиция кызматкерлери аны кыйноого алганын айткан.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы сентябрда Алматынын Алатау районунун тургуну Игорь Дужнов үй-бүлөсүн жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келген адамдарга ок аткан. Жыйынтыгында эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу, үйдүн жаңы ээси жана аны менен чогуу келген таанышы каза болгон.

Дужнов кармалгандан кийин кылганына "өкүнүп жатканын" айтып, ошол маалда "өзүн билбей калганын", аны мындай абалга "мыйзамсыздык" жеткиргенин айткан.

XS
SM
MD
LG