Ссылки доступа

Казакстанда ArcelorMittal Tubular Products Aktau заводунун жумушчулары иш таштады


Казакстандын Актау шаарында ArcelorMittal Tubular Products Aktau заводунун ондогон жумушчусу маянаны жогорулатуу талабы менен беш күндөн бери ишке чыкпай жатат.

Интернетке алардын өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаевге жасаган видеокайрылуусу жарыяланды.

"Биз беш күндөн бери жумушка чыга элекпиз. Биздин маселе боюнча биз талап кылгандай чечимдер кабыл алынган жок. Жумушчулардын атынан заводдун жетекчилигине кат жаздык. Жооп болбогондон кийин видеокайрылуу жасоону туура көрдүк. Баалардын жогорулаганына байланыштуу сиздерден маянабызды көтөрүп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп билдиришкен алар видеодо.

Жумушчулардын биринин айтымында, алар марттын башынан бери айлыкты жогорулатуу өтүнүчү менен жетекчиликке кат жүзүндө да, оозеки түрүндө да бир нече жолу кайрылышкан.

"Бирок биздин кайрылууларыбыз жоопсуз калды. Мен заводдо 2016-жылдан бери иштейм, айлыгым 90 миң теңге (азыркы курс боюнча 200 доллар). Анын жарымы насыя төлөөгө кетет. Баары кымбаттады, акча эч нерсеге жетпейт. Айлыкты 100 пайызга жогорулатууну талап кылып жатабыз", — деди ал.

15-апрелде заводдун жүздөгөн жумушчусу иш таштап, нааразылык акциясына чыккан.

18-апрелде алар менен Маңгыстау облусунун акиминин өкүлдөрү жолугуп, макулдашуу комиссиясынын жыйынын өткөрүшкөн. Бирок анда компания жетекчилиги иш таштаган жумушчулардын талабын аткарууга макул болгон эмес.

ArcelorMittal Tubular Products Aktau заводу "АрселорМиттал Темиртау" башкармалыгынын курамына кирет. Расмий маалыматтарга ылайык, завод ири диаметрдеги болот түтүктөрдү даярдаган Казакстандагы жалгыз ишкана болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG