Ссылки доступа

Түркмөнстанда жаңы президентти мактоого арналган ыр сынак жарыяланды


Сердар Бердымухамедов 

Түркмөнстандын Балкан облусунда жаңы президент Сердар Бердымухамедовду мактап-жактоо боюнча бейрасмий поэзия сынагы жарыяланды.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө бийлик "чоң сыйлыктарды" тапшырууну убадалады. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары билдиришти.

"Эң мыкты акынга сыйлыкты облус башчысы өзү тапшырат деп айтып жатышат", - деди аймактагы маданият тармагынын кызматкерлеринин бири.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өлкө башчысына арналып жазылган эң мыкты ырга обон чыгарыла турганы, аны Түркмөнстан боюнча хит кылууну көздөп жаткышканы айтылууда.

Билим берүү жана маданият кызматкерлеринин билдиришинче, бийлик "Арзымат акындардын" сынагы эмне себептен жарыяланганын айтышкан эмес. Бирок ич ара сүйлөшүүлөрдө жаңы президент Балкан облусуна келгенде анча макталбаганы үчүн маданият кызматкерлеринин ишине нааразы болгонун кеп кылышууда.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 15-апрелде Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарына барып, көп тармактуу оорукананын ачылыш аземине катышкан.

Түркмөнстанда мамлекет башчынын керт башына сыйынуу, анын ийгиликтерин теле-радио аркылуу мактап-жактоо, ыр арноо сыяктуу көрүнүш биринчи президент Сапармурад Ниязовдун тушунда башталып, анын мураскору Гурбангулы Бердымухамедовдун учурунда туу чокусуна жеткен.

Бердымухамедовские деревни
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG