Ссылки доступа

Казакстан менен Тажикстан аба каттамдарынын санын көбөйтөт


Казакстан менен Тажикстан жүргүнчү ташуучу ыраттуу каттамдарды көбөйтөт. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 25-апрелден тартып Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы Душанбе-Алматы каттамдарын жумасына бирден экиге чейин көбөйтүүнү пландоодо.

"1-майдан тартып Казакстандын "Эйр Астана" авиакомпаниясы Душанбе-Нур-Султан арасындагы рейстердин санын жумасына 1ден 3кө чейин, 1-июндан 3төн 4кө чейин көбөйтүүнү пландоодо", — деп айтылат билдирүүдө.

Натыйжада эки өлкө арасында учуулар жумасына 6 каттамга жетет.

Буга чейин Turkish Airlines авиакомпаниясы 21-майдан баштап Түркия менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдарынын санын жумасына 3кө чейин көбөйтөрүн жарыялаган.

Бул датага Душанбе-Стамбул билетинин баасы 300 доллар, кайра кайтканда 395 доллар турат. Тажикстандыг "Сомон Эйр" авиакомпаниясы да Стамбулга жумасына үч жолу учууга уруксат алды.

XS
SM
MD
LG