Ссылки доступа

Казакстанда каржы пирамидасын жарнамалаган вайнерлер кармалды


Алматы полициясы 20-апрелге караган түнү Mudarabah Capital каржы пирамидасына каршы козголгон иштин алкагында вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов кармалганын кабарлады.

Алматы шаардык соту бүгүн Туребев менен Шернияздун баш коргоо чарасын карап, 10 суткага камоо жөнүндө токтом чыгарды. Сот тергөө органдары аларды эки айга камакка алуу үчүн жетиштүү деңгээлде материалдарды бербегенин билдирди.

11-апрелде алматылык Багила Досмаилова бул иштин жүрүшүнө нааразылык билдирип, Нур-Султандагы ИИМ имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Аны куткарып калууга мүмкүн болгон. Аял күйүк менен ооруканага жеткирилген. Ага чейин жабырлануучу Алматы полиция департаментинин башчысынын орун басары Рустам Абдрахманов "ишти жабууга ашыгып жатканын" айткан. Ал Mudarabah Capital каржы пирамидасын жарнамалаган вейнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду жоопкерчиликке тартууну да талап кылган.

Алматы полиция департаментинин маалыматына караганда, Туребаев менен Шерниязов бул кылмыш ишинде шектүү катары таанылган. Иш "каржы пирамидасын түзүү жана жетектөө" беренеси боюнча тергелүүдө.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча вайнерлер Mudarabah Capital компаниясын жарнамалап, анын тең кожоюну катары киреше алып турушкан.

Компания өзүнчө фирмаларды ачып, алар аркылуу юридикалык жана физикалык жактар менен келишим түзүп, мамлекеттик тендерлерге катышабыз деген жүйө менен каражат топтогон. Фирмалар каражат салган ар бир кардарга айына алар берген акчанын 20 пайызын төлөп тургууга милдеттенме алган.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG