Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө дагы бир компаниянын жумушчулары иш таштады


Жаңы-Өзөн шаарында мунай скважиналарын тазалоо менен алектенген «ТрубРемЦентр» компаниясынын 150дөй жумушчусу иш таштаганына эки күн болду.

Алар маянаны 60% көбөйтүүнү, эмгек шартын жакшыртууну, кесиптик кошуундун мүчөлөрүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда.

19-апрелде алар Казакстан президентине, Маңгыстау жана Жаңы-Өзөн акимине видеокайрылуу жолдошкон.

Ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Бакытжан Меретаманов жумушчулар иш берүүчүгө эки жылдан бери талап коюп келе жатышканын, ал маселени чечүүнүн ордуна кол алдындагыларды куугунтукка алганын билдирди.

- Шарт өтө жаман. Жабдуулар 10 жылдан бери жаңылана элек. 20 килограммдык жабдууларды жумушчулар кол менен көтөрүшөт. Бир нөөмөттө 17-18 жумушчу дал ушундай 300-320 куурду тазалап чыгат, - деди ал.

Бакытжан Меретамановдун айтымында, иш оор болгонуна карабай, жумушчулардын маянасы 220-230 миң теңгеден (500 доллардын тегереги) ашпайт. Январь окуяларынан кийин ишкана 33 пайыздык кошумча төлөм киргизген, бирок жумушчулар муну убактылуу деп эсептешет.

«ТрубРемЦентр» компаниясынын директору Нурлан Ищанов жумушчуларды жалган маалымат таратууга айыптады. Ал ишчилер 300-400 миң теңге айлык алышарын билдирди.

–Кээ бир жабдыктарды учурунда "кедерги тийгизет" деп өздөрү алдырып ташташкан. Биз азыр аларды заводдон кайра суратып жатабыз. Арбитраж жүрүп жатат, ага жумушчулардын беш өкүлү катышууда , - деди Ищанов.

Маңгыстау облусунда быйыл маянаны жогорулатууну жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү талап кылып нааразылык өткөргөн учурлар арбыды.

Видео

Видео

 Элдик таланттарга шык берген амфитеатр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00
XS
SM
MD
LG