Тажикстандын Башкы прокуратурасы Зокир Назарзоданын кармалганы жөнүндө маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.
Бул арада “Озодинин” өз булагы полковник Назарзода кайсы бир кече учурунда Башкы прокурор Юсуф Рахмонго акарат келтиргенден кийин кармаланын билдирди. Бул маалыматты башка булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн болгон жок.
Зокир Назарзоданын атын атагысы келбеген туугандарынын бири анын кармалышын өч алуу деп атады. “Назарзоданын эч кандай күнөөсү жок. Аны кызматынан адилетсиз түрдө бошотушуп, андан соң ага кылмыш ишин козгошту”, - деди ал.
Маалыматка караганда, полковниктин ишин Тажикстан Башкы прокуратурасынын Өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгы тергеп жатат. Ага бийлик өкүлүнө акарат келтирүү айыбы тагылган-тагылбаганы белгисиз.