Ссылки доступа

Өзбекстандын Жизак облусунда селден төрт киши каза болду


Жизак облусунун Фариш районунда селден төрт киши каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы бир эркек жана эки аял жаракат алды.

"Суу ташкындан улам турак жайлар, социалдык объектилер жана айдоо талаалары зыянга учурады. Учурда Жизакта селдин кесепеттерин жоюу чаралары көрүлүүдө", - деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, селдин кесепеттерин жоюу ишине жалпысынан укук коргоо органдарынын, облустук жана райондук акимчиликтердин, ӨКМдин облустук бөлүмүнүн 520 кызматкери жана 54 атайын техника тартылды.

Буга чейин министрлик нөшөр жаандан улам Жизак облусунун Бахмал, Фариш, Галлаарал жана Шароф-Рашидов райондорунда сел жүргөнүн билдирген. Мындан тышкары 20-апрелде Самарканд, Кашкадарыя жана Навои облустарынын айрым райондорунда да суу ташкыны болгону кабарланган.

"Узгидромет" мекемесинин адиси Эркин Абдулахатов Telegram-каналына Жизак облусунун Эгизбулак айылында акыркы 80 жылдан берки эң катуу сел болгонун жазды.

XS
SM
MD
LG