Ссылки доступа

Нур-Султанда ири мечиттин куруучулары маянанын кечигип жатканына даттанышты


"Борбор Азиядагы эң ири мечит болот" деп айтылган  Нур-Султандагы жаңы мечиттин куруучулары айлык акынын кечиктирилип жатканына даттанышты.

21-апрелде отузга чукул жумушчу мечиттин алдына чогулуп, марттын маянасын төлөп берүүнү өтүнүштү. Алардын айтымында, өткөн айда айлык акыны көбөйтүүнү талап кылган ондогон жумушчу иштен айдалган.

— Бул жерде иштеп жатканыма үч ай болду. Айлык кечиктирилип берилет. Иш таштап жатып, маянаны зорго алабыз. Кечээ айлык сурап келдик эле, башчы башка жол менен качып кетти. Буга кошумча бизди иштен негизсиз чыгарып ташоодо, — деди Айжан Бейсембек аттуу жумушчу.

Жумушчулар маянанын кечиктирилип жатканына байланыштуу алар ижара акысын жана насыяларын төлөй албай жатканын билдиришти.

– Айлыкты улам кыскартып коюшат. Ар айда 18-20 миң теңгеден кем алабыз. Орточо айлык акы 180-200 миң теңге. Өткөн айда саатына 600 эмес, 700 тенге төлөөнү талап кылганбыз. Ошондуктан баарыбызды жумуштан чыгарып ташташты. Башкысы маянабызды беришсин! — деди башка бир жумушчу Ахметжан Толкынов.

Нааразы болгондор менен компаниянын өкүлү Вагир Исаев жолугуп, банк операцияларындагы чектөөлөргө байланыштуу төлөм кечигип жатканын айтты.

– Азыр "Альфа банктын" жабылышына байланыштуу маселе болуп жатат. Жиберилген акчаны ала албай жатабыз. Ошондуктан башка банктан эсеп ачтык. Ошол банк аркылуу кечээ маянанын жарымын бердик. Бүгүн калганын таратыбыз, - деди ал.

2019-жылы мартта отставкага кетерине бир күн калганда ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев ушул мечиттин пайдубалын түптөө аземине катышкан. Назарбаев 30 миң адам сыя турган мечит көркөмдүгү жана чоңдугу жагынан Борбор Азияда биринчи орунга чыгарын айткан. Маалыматка караганда, мечитти түркиялык компания курууда. Мечит чет өлкөлүк инвестицияга салынары кабарланган. Бирок каражаттын көлөмү айтылган эмес.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG