Ссылки доступа

БУУнун эксперттери тажик бийлигин "памирлик азчылыкты" коргоого чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда чыңалуунун артканына тынчсызданып, тажик бийлигин “памирлик азчылыкты” коргоого жана аймакта адам укуктарын сактоого чакырды.

“Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда былтыр ноябрда коопсуздук күчтөрү жергиликтүү тургунду өлтүргөн соң аймактын калкы көтөрүлгөн. Өкмөт кошумча аскер жиберүү, Интернетти өчүрүү сыяктуу аракеттерге барган”, - деп айтылат БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын сайтында.

БУУнун эксперттери бийликти памирликтерди дискриминациялоону токтотууга чакырды. Адистер аймакта аскердик контингенттин көбөйүшүнө, блокпосттордун бекемделишине, кармоо жана сурактарга, мындан тышкары ноябрдагы нааразылык акцияларынын катышуучуларынын өлкө тышына чыгышына тыюу салынышына тынчсызданышты. Талдоочулар азыркыга чейин Гүлбиддин Зиебековдун өлүмү иликтенбей жатканын белгилешти.

БУУнун эксперттери нааразылыктан кийин аймакта мамлекеттик мекемелер менен банктарда гана Интернет болгонун, бул жаштардын жана балдардын билим алуусуна кедергисин тийгизгенин кошумчалашты:

“Бизди Интернеттин бөгөттөлүшү өзгөчө кооптондурат. Тажикстан бийлиги тынч жыйындарга чогулуу жана пикир айтуу эркиндигин сыйлашы керек”.

21-мартта аймак Интернетке туташтырылган. БУУнун эксперттери калк 2G форматындагы Интернетке кошулганын, ылдамдык өтө жай экенин, тиркемелердин баары эле ачыла бербей жатканын белгилейт.

Былтыр ноябрда Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна караштуу Рошткалин районунун тургуну Гулбиддин Зиёбеков атайын операция учурунда өлтүрүлгөндөн кийин аймакта кырдаал курчуп кеткен. Хорогдо анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган нааразылык акциялары өткөн. Мындан соң тажик бийлиги аймакта Интернетти өчүрүп, көзөмөлдү күчөткөн.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG