Ссылки доступа

Казакстан: курал-жарак кампаларындагы жарылууга байланыштуу камалган генерал-майор бошотулду


“Түштүк” аймактык кол башчылыгынын мурунку башчысы, генерал-майор Кайдар Каракулов Жамбыл облусунун Байзак районуна караштуу Сарыкемер кыштагындагы өрт жана жарылууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде шектүү деп таанылды.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары ИИМге шилтеме берүү менен кабарлашты.

21-апрелде Каракулов тергөө изоляторунан бошоп чыкты. Анын камакка алынганы мындан бир күн мурун гана белгилүү болгон.

Казакстан ИИМинин Тергөө департаментинин аскердик-тергөө башкармалыгынын билдиришинче, Каракулов “шектүүнү камоо кажет эмес” деп таанылганына байланыштуу бошотулган. Анын иши "Шалаакылык" беренеси боюнча тергелип жатат.

2021-жылы 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районунда курал-жарак сактаган кампада жарылуу болгон. Анын кесепетинен 17 киши каза тапкан. Бир киши дайынсыз жоголгон. Жүзгө чукул адам жаракат алган. Өлгөндөрдүн арасында өзгөчө кырдаалдар кызматынын, прокуратуранын кызматкерлери менен аскерлер болгон.

Былтыр 10-октябрда Жамбыл облусунун Сарыкемер кыштагындагы инженердик курал-жарак кампасында дагы бир жарылуу болгон. Коргоо министрлиги бул окуядан эч ким жабыркабаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG