Ссылки доступа

Казакстанда камактагы Карим Масимовдун тууганына издөө жарыяланды


Казакстанда Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Нурлан Масимовго каршы тергөө иштери башталды. Бул тууралуу 22-апрелде өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Масимов "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деп шектелүүдө.

"Тергөө соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин кабыл алды. Масимовго издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо боюнча иштер башталды", — деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Нурлан Масимов Павлодар облустук полиция департаментинин башчысы кызматына 2019-жылы ноябрда дайындалган. Быйыл январдын ортосунда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов "мамлекетке чыккынчылык кылуу" айыбы менен камакка алынганы кабарлангандан кийин Нурлан Масимов иштен бошотулган.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Нурлан Масимов менен Карим Масимов аталаш тууган. Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитети Карим Масимов жабык келишимдердин бири боюнча чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн 2 миллион доллар алууга шектелип жатканын билдирген.

Апрелдин башында Масимовду колдоо үчүн ачылган онлайн-ресурс анын абалы начарлап кеткенин жазган. Өткөн жумада анын камактагы мөөнөтү 6-майга чейин узартылганы белгилүү болгон.

Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүргөн. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

XS
SM
MD
LG