Ссылки доступа

Алматыда полиция саясий туткундарды бошотууну талап кылгандарды кармады


Алматыда полиция саясий туткундарды бошотууну талап кылган митингдин катышуучуларын күч менен кармады. vlast.kz кабарлагандай, нааразылыктын уюштуруучуларынын арасында активист  Айгерим Тлеужан менен журналист Данияр Молдабеков да бар.

Активисттер 24-апрелде Илимдер академиясынын алдында топтолушуп, январь окуялары учурунда жана андан кийин кармалган саясий туткундарды бошотууну талап кылышкан. Активист Айгерим Тлеужан митинг жөнүндө алдын ала акимчиликке кабар бергенин, бирок кат түрүндө жооп ала албаганын айтты. Ал саясий себептен улам камалгандардын баары бошотулганга чейин ар апта сайын нааразылык акциясын өткөрүп турарын билдирди.

Бийлик өкүлдөрү иш-чара мыйзамсыз экенин айтып, чогулгандарды кууп таратууга аракет жасады. Активисттер Достык саябанын көздөй жүрүш жасашканда полиция аларды кармай баштады. Orda.kz 12 киши кармалганын кабарлады.

Кийинчерээк Равкат Мухтаров, Айгерим Тлеужан менен Бекен Бейсалиев “тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө мыйзамды бузуу” беренеси боюнча 15 суткага камалганы белгилүү болду.

Активисттер, укук коргоочулар жана юристтер 238ден кем эмес кишинин өмүрүн алган январь окуяларын иликтөө ачык-айкын жана адилеттүү жүрбөй жатканын билдирип келишет. Нур-Султан эл аралык иликтөөдөн баш тартканын казакстандыктарга президент Касым-Жомарт Токаев өзү билдирген.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG