22-апрелде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары район борборуна чогулуп, Өзбекстан аркылуу суу келбей жатканына нааразы болушкан. Алар суу жоктугунан эгин талаалары зыян тартканын айтышкан.
Аталган айыл өкмөткө суу Өзбекстан менен макулдашылбаган аймакта жайгашкан Ширеч суу алуучу түйүнүнөн келет. Район жетекчилиги бул түйүн оңдоого муктаждыгын айтууда.
Жоробаев Сохтун акими Саидбахром Саидмусаев менен 23-апрелде чектеш аймакта жолугуп, маселени талкуулашканын, көйгөй чечилгенин айтты.
"Учурда суу алуучу түйүндө кыргыз тараптын суучулары иштеп жатышат. Бир-эки күндө суу берилет", - деди Жоробаев.