Ссылки доступа

Украина Орусияга Мариуполдо "чыныгы пасхалык элдешүүнү" сунуштады


 "Азовсталь" бункериндеги балдар
"Азовсталь" бункериндеги балдар

Украина Пасха майрамында Орусияга майрамдык элдешүүнү сунуштады. Киев муну менен Мариуполь шаарындагы жана "Азовсталь" заводунун аймагындагы кишилерди эвакуациялоону көздөп жатат.

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк соцтармактарга: “Орусияга калган репутациясы жөнүндө ойлонууну сунуштайм. Бул үчүн болгону үч “мариуполдук кадам” керек: Мариуполдо чыныгы пасхалык элдешүүнү жарыялоо, карапайым жарандарга гуманитардык коридор берүү жана туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн атайын айлампасына макул болуу”, -деп жазды.

Украин тарап Мариуполдогу абал боюнча атайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү мурда да сунуштаган, бирок Орусия жооп кайтарган эмес. Пасханын алдында Мариуполдо гуманитардык коридор уюштуруу ишке ашпай калган – мунун эки тарап тең мойнуна алган.

21-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Украинанын Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" зоводуна сокку урбай, тескерисинче анын айлана-тегерегине бөгөт коюуну тапшырган.

Бул арада орусиялык аскерлер “Азовсталь” аймагына чабуул жасоону улантууда.

"Азовсталь" аймагындагы жүргөн "Азов" украин полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь 24-апрель күнү эртең менен Мариуполдогу кишилерди кутаруу үчүн баарын жасоого чакырган видеокайрылуу жазды: "Бүгүн Пасха, буга карабай, душман авиацялык бомба таштап, артиллерия менен пушкалардан ок атып, танкалар сокку уруп, жөө аскерлер чабуул жасоого аракет кылууда... Силер пасхалык сүрөттөрдү жөнөтүп жатканда Мариуполдо душман эч күнөөсүз балдардын башына бомба таштоодо".

Завод аймагында кеминде жүздөгөн шаар тургундары душмандан коргонуп отурат.

Орус аскерлери бир нече жолу “Азовсталга” гуманитардык коридор ачууну сунуштап, ошол эле маалда украин аскерлеринин туткунга түшүп беришин талап кылган.

Мариуполдо согуш эки айдан бери уланууда, бул убакыт аралыгында шаардын негизги бөлүгү талкаланды. Ар кыл эсеп боюнча миңдеген жай тургун өлдү.

XS
SM
MD
LG