Шалипа Беккулова – «Ар.Рух.Хак» укук коргоо уюмунун юристи. Анын тергелип жатканы үч күн мурун маалым болгон.
«Биз Шалипа Беккулова экөөбүз 1995-жылдан бери мыйзамдуу никеде турабыз. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери муну жакшы билишет. Токтомдо тинтүү жубайымдын январь окуяларына катыштыгы бардыгына байланыштуу экени жазылган. Ал укук коргоо уюмунда юрист жана эч кандай мыйзам бузган эмес, бирок аны күбө иретинде суракка алышкан. Бирок кийин алар үйгө келип, адвокаттын жана юристтин үйүндө тинтүү жүргүзүштү!» – деди Галым Нурпеисов.
Галым Нурпеисовдун айтымында, тинтүү учурунда кызматкерлер эч нерсе алышкан эмес. Ал атайын кызматтын өкүлдөрүнүн аракетин адвокатка жана укук коргоо уюмуна басым жасоо катары баалады.
Казакстанда январь окуяларынан кийин бийлик миңдеген кылмыш ишин ачып, жүздөгөн кишилерди шектүү катары камаган.
«Ар.Рух.Хак» коомдук фонду кандуу окуялар учурунда курман болгондордун тизмесин биринчилерден болуп түзө баштаган. Уюм Казакстандагы жарандык активисттердин укугун коргойт.