Ссылки доступа

Макрон 20 жылдан бери биринчи жолу Франциянын президенти болуп кайра шайланды


IPSOS компаниясынын экзит-поллу көрсөткөндөй, Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жалпы добуштардын 58,2% ээ болуп, экинчи мөөнөткө шайланды. Анын атаандашы, ашкере оңчул саясатчы Марин Ле Пен 41,8% добуш топтоду.

Бирок алдын ала жыйынтыктар Макрондун добушу 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Беш жыл мурда да шайлоонун экинчи айлампасына Макрон менен Ле Пен чыккан. Анда Макрон жалпы добуштардын 66,1%, Ле Пен 33,9% ээ болгон.

Экзит-поллдор расмий ырасталса, 44 жаштагы Макрон соңку 20 жылда экинчи мөөнөтүнө шайланган биринчи француз президенти болуп калмакчы. 53 жаштагы Марин Ле Пен үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышып, эки жолу Макронго утулган болот.

Жекшембидеги шайлоонун экинчи айлампасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00гө карата жалпы шайлоочулардын 63,2 пайызы добуш берген. Бул беш жыл мурдагы шайлоонун бул сааттарына салыштырмалуу 2 пайызга азыраак.

Азырынча жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө карата канча шайлоочу добуш бергени айтыла элек. Француз басылмалары жазгандай, шайлоо бекеттери жабылгандан кийин добуш бергендердин жалпы көрсөткүчү 72 пайызга жетиши ыктымал. Бул 1969-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG