Ссылки доступа

Тажикстанда тоо-кен байытуу комбинатында жаракат алган мурдагы жумушчулар кенемте талап кылууда


Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда Анзоб тоо-кен байытуу комбинатынын мурдагы жумушчуларына кенемте төлөп берүү иши боюнча соттук териштирүүлөр үч жылдан бери уланууда. Жумушчулар өндүрүш учурунда оор жаракаттарды алышканын, эми комбинат жетекчилиги аларга ай сайын кенемте төлөп берип туруусу керек экенин билдирүүдө.

30 жыл мурда Анзоб тоо-кен байытуу комбинатындагы жарылуудан улам Айни районунун тургуну Вохид Зохидовдун көзү көрбөй калган. Азыр ал 67 жашта. “2015-жылга чейин ай сайын 230 сомониден (18 доллар) кенемте алып турчумун. Жети жылдан бери бербей калышты. Комбинат жетекчилиги банкроттуулукка шылтоолоп, кенемте төлөп берүүгө милдеттүү эмес экенин айтып келет. Андан бери түрдүү мамлекеттик органдарга кайрылдым, бирок эч кандай жыйынтык чыга элек”, - деди ал.

Зохидовдон тышкары аталган комбинатта иштеп жүргөндө түрдүү жаракаттарды алган дагы тогуз киши кенемте талап кылууда. Алар кесиптик кошуундар менен мамлекеттик органдарга кайрылуусунан майнап чыкпагандан кийин сотко арыз жазышкан.

Анзоб тоо-кен байытуу комбинаты 1970-жылы негизделген. 2005-жылы анын базасында тажик-америка биргелешкен “Анзоб” ишканасы түзүлгөн. Анын уставдык капиталынын 51% тажик, 49% америка тарапка тиешелүү болгон. Америкалыктар бул долбоорго 4 миллион доллардан ашык каражат салган. 2006-жылы Тажикстан ишканадагы үлүшүн сатып, жыйынтыгында Comsup Commodities Inc компаниясы ишкана акцияларынын 100% ээлик кылып калган.

Сот 2011-жылы ишкананын өндүрүштө жаракат алган мурдагы кызматкерлерине ай сайын кенемте төлөп берүү милдети Айни райондук социалдык колдоо башкармалыгына жүктөлгөнүн аныктаган. Азыр аталган башкармалык жок, анын айрым функциялары Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия төлөө агенттигинин жергиликтүү бөлүмүнө өткөн.

Агенттиктин кызматкери Хуршед Ахмедов азырынча сот ишкананын мурдагы жумушчуларына кенемте төлөп берүү боюнча акыркы чечимин кабыл ала электигин билдирди. Анын айтымында, алар ай сайын компенсация алып турууга укуктуу, бирок аны кайсы мекеме төлөп бериши керектиги белгисиз бойдон калууда.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG