Ссылки доступа

Мирзиёев: тоок багуу боюнча алты жылдык план ийгиликтүү ишке ашууда


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кашкадарыя облусуна жасаган сапары учурунда тоок багуу боюнча алты жылдык план ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди.

«Ар бир адамдын, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө үмүтү качан болот? Киреше болгондо. Эгер бир уй экөө болсо, бир кой төртөө болсо, 50 тоок 100 болсо», - деди Мирзиёев.

Президенттин билдирүүсү өлкөнүн ар кыл аймактарында тоок багуу боюнча жарышты кайрадан жандандырды. Эми ар бир маале жергиликтүү жашоочулардын тоок бизнеси боюнча жогорку инстанцияларга отчет берүүдө.

Анжиянда ар бир маалеге 800 тоок алууга тапшырма берилди, бирок сатып алуучуларды табуу кыйын, себеби тоокторду ылаң баскан жана базар баасынан эки эсеге кымбат турат. Айрым маалелерде жергиликтүү жашоочуларга насыяга араң жан тоокторду таратышууда. Бул маалыматты «Озодликке» анжияндык жергиликтүү активисттер менен чиновниктер да тастыкташты.

Мирзиёевдин кооперациянын негизинде тоок багуу планы 15-мартта аягына чыгышы керек болчу. Бирок Анжиян гана эмес, башка аймактарда да каржы маселелеринен улам президенттин бул долбоорун ишке ашыруу мүмкүн болбой турат.

Жергиликтүү администрациялар Мирзиёевдин планын аткаруу үчүн бул долбоордун негизинде багылган тоокторду калкка кымбат сатууга аракет жасашууда.

– Маале өкүлдөрү ар бир үйгө кирип, кишилерди тоок сатып алууга мажбурлоодо. Алар өзгөчө жөлөк пул алгандарды коркутуп жатышат. Бирок жергиликтүү жашоочулар бул тоокторду сатып алууну каалабайт. Биринчиден, тооктор өтө кымбат, бир тоокту 84 миң сумга (7,5 доллар) сатышууда. Базарда бир тоокту 35-40 миң сумга (3-4 доллар) алса болот. Экинчиден, маалелерге араң жан тоокторду сатууга аракет кылышууда. Аларды сатып алгандардын тооктору бир жумага жетпей өлүп калууда, - деди пахтаабаддык жергиликтүү тургундардын бири.

Шавкат Мириёев бийликке келгенден кийин элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча бир канча сунуш берген. Алардын бири – тоок багуу. 2017-жылы Мирзиёев ар бир үйдө 100 тоок болсо, өлкөдө жакырчылык болбой турганын айткан.

Мындан соң өзбекстандыктарга тоок багуу үчүн жеңилдетилген насыялар сунуштала баштаган. Бирок бир жыл өтпөй Мирзиёевдин тоок көбөйтүү планы кыйраган. Ага карабай, Мирзиёев Кашкадарыяга барганда бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG