21 жаштагы Хабибулло Саидов Бохтар шаарындагы Носири Хисрава атындагы мамлекеттик унниверситеттин химия-биология факультетинин үчүнчү курсунда окуп жүргөн. 23-апрелде полиция кызматкери аны кармап, аскер комиссариатына алып кеткен.
Бул тууралуу “Озодиге” анын Германияда жашаган агасы Абубакр Нури кабарлады. Анын айтымында, Хабибулло студент гана эмес, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу. Анын атасы Нусратулло Саидов чет өлкөдөн күмөндүү акча алды деген шек менен быйыл январда кармалган.
Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурларга даттангандар көп болот.