Ссылки доступа

Назарбаевдин жакынына таандык эки компания мамлекеттин менчигине өтөт


25-апрелде Алматы акимчилиги унаа токтотуучу жайларды тейлеген «Алматы спецтехпаркинг сервис» жана Alan Parking компанияларынын кожоюндары «демонополизация жана потенциалдуу зыянды кайтарып берүү үчүн» 30 жана 100 пайыз үлүшүн шаардын менчигине өткөрүп берүүнү чечкенин билдирди.  

Бул компанияларды Казакстандын мурдагы президентинин жакынкы, бизнесмен Кайрат Боранбаев көзөмөлдөйт деп эсептелет. Ал мартта « мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоо» шеги менен кармалган.

Алматы акимчилиги азыркы мыйзамдардын чегинде жогорудагы компаниялардын үлүшүн кайтарып алуу жөнүндө токтом кабыл алынганын билдирди. «Бүгүнкү күндө акы төлөнө турган унаа токтотуучу жайлар системасы штаттык режимде иштеп жатат. Токтомго ылайык, 25-апрелден тартып алардын бардык кирешеси шаардын бюджетине өтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Алматыда акы төлөнө турчу унаа токтотуучу жайлардын системасы 2016-жылы киргизилген. «Алматы спецтехпаркинг сервис» менен Alan Parking компанияларынын маалыматы боюнча жылдык соода жүгүртүү орто эсеп менен 3.1 миллион долларды түзөт.

RR2 жоопкерчилиги чектелген шериктиги AlanParking компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Бул шериктиктин башкы директору – Мурат Боранбаев. Жергиликтүү басылмалар ал казакстандык ири бизнесмен Кайрат Боранбаевдин бир тууганы экенин жазышууда. Былтыр Кайрат Боранбаевдин агасы Alanparking компаниясынын мамлекеттеги 30% үлүшүн 5 миллион теңгеге сатып алуу менен ага толук ээлик кылып калганы айтылган.

14-апрелде Алматынын тергөө соту «Алматы СпецТехПаркинг Сервис» компаниясы көзөмөлдөгөн AlanParking компаниясынын жетекчиси Мухтар Базарбаевди камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Ал бюджеттик ири каржатты уурдоого шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG