Ссылки доступа

Алматыда беш кишинин өлүмүнө айыпталган киши өмүр бою абакка кесилди


Жети жыл мурда Донбасста орусиячыл жикчилердин катарында украин аскерлерине каршы күрөшүп келген Алматынын тургуну өмүр аягына чейин эркинен ажыратылды.

Игор Дюжнов аттуу жаран чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга мыйзамсыз катышкан, күч түзүмдөрүнүн кызматкерине кол көтөргөн жана Алматыда беш кишини өлтүргөн деген айыптарга күнөөлүү деп табылды.

Ал былтыр сентябрда аны күчтөп турак жайдан чыгаруу маалында полициянын эки кызматкерин, сот приставын, мүлктүн жаңы кожоюнунун жана өз досун атып салган.

54 жаштагы Дюжнов күнөөсүз экенин, “менчик жерге мыйзамсыз кирип келген адамдарды жок кылганын”, Донбасста 2014-2015-жылдары “тынчтык орнотуу үчүн” согушканын билдирди. Анын соту 18-мартта башталган.

XS
SM
MD
LG