Ссылки доступа

Исфарада чек ара жаңжалында кыйраган үйлөр үч айдан бери калыбына келтириле элек


28-январга караган түнү болгон чек ара жаңжалында үйлөрү жарым-жартылай же толугу менен бузулган Исфара районунун бир катар айылдарынын тургундары тажик бийлигин убаданы аткарбоого айыптады.

Кишилер үч айдан бери жардам күтүшүүдө: бийлик бир нече жолу көмөк көрсөтүүгө убада берген, бирок иш жылган эмес. Исфара акимчилиги зыянды эсептеп чыкканын, эми Согд облусунун администрациясынын чечимин күтүп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү Чоркух айлынын четинде, шарттуу чек ара линиясынан алыс эмес жерде орун алган Тохир Мирзоевдин үйүнө снаряд тийип, толугу менен талкаланган. Там ичиндеги мүлкү менен кошо күйүп кеткен. Тохир Мирзоев туугандарынын үйүндө жашап жатат, уул-келини Орусияга кетти.

"Жаңжалдан кийин үч күн бою тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү келип жатты. Канча документке кол койгонумду да билбей калдым. Алгач 8-марттан кийин үйүмдү дароо калыбына келтирүүгө убада беришти, кийинчерээк иш Нооруздан кийин башталарын айтышты. Бирок азыркыга чейин үйүмдү калыбына келтирүү үчүн эч нерсе жасашкан жок", - деди ал.

Тохир Мирзоевдин үйүнө былтыр апрелдеги чек ара жаңжалы учурунда да снаряд тийген.

Атышуу учурунда Сомониён айлындагы медициналык пункт да зыянга учураган. Айыл жашоочусу Гуломхон Асламов “Озоди” радиосуна медпункт үч айдан бери иштебей турганын, оорулууларды Чоркух же Исфарадагы ооруканага жөнөтүүгө аргасыз болуп жатышканын айтты.

“Биз чек арага жакын аймакта жашайбыз, бир сааттан кийин эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Бул жерде аялдар жана балдар бар, борборго жетүү оңой эмес. Жеке автоунаа баарында эле бар эмес, коомдук транспорт сейрек каттайт”, - деди Асламов.

Жергиликтүү аткаминерлердин бири 28-январга караган түнү болгон жаңжалдын материалдык чыгымдары эсептелип чыкканын, ал 160 миң доллардын тегерегиндеги каражат экенин билдирди.

Расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик жаңжалы учурунда Чоркух жана Сурх жамааттарында 52 үй жана башка объектилер толугу менен же жарым-жартылай талкаланган.

Баткенде 27-январь күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG