Ссылки доступа

Алматы облусунун акими: Назарбаевдин инисине байланышы бар базарда мыйзам бузуулар аныкталды


Бейрасмий түрдө Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевге таандык экени айтылып жүргөн Алматыдагы "Алтын Орда" базарында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Алматы облусунун акими Канат Бозумбаев билдирди.

— "Алтын Ордада" бузулбаган бир да мыйзам калган эмес. Андагы курулуштардын жарымынан көбү мыйзамсыз салынган. Эч кандай санитардык нормалар сакталбайт, калдыктардын баары агын сууга куюлат. Эң башкысы бул базар азык-түлүк рыногунда монополист болуп алган. Мындан тышкары аны болушунча жолдордон алыстатуу керек, — деди аким медиаменеджер Арманжан Байтасовго берген маегинде.

Бозумбаев ошондой эле буга чейин Алматы облусун аким менен акимчилик гана башкарбастан, анын "бейрасмий жетекчилери" да болгонункошумчалады.

Коомчулукта Болат Назарбаевдики экени айтылып жүргөн бул базардын "кол тийбестигине" карата нааразылыктар болуп келген. Кандуу Январь окуяларына чейин расмий бийлик өкүлдөрү "Алтын Орда" тууралуу эч кандай терс маанидеги сөздөрдү айтышкан эмес.

Январдын башында мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан кеткенден кийин Болат Назарбаев үй-бүлөсү менен Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө учуп кеткени кабарланган. Январдын аягында казак басылмалары "Алтын Орда базары" компаниясы бир да жолу салык төлөбөгөнүн жазып чыгышкан. Маалыматтарга караганда, базар жетекчиси менен Болат Назарбаевдин биргелешкен бизнеси бар.

Февралдын башында президент Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Алматы облусунун акимдерине "Алтын Орда" базарын "тартипке келтирүүнү" тапшырып, бул үчүн аларга эки ай убакыт берген. Анда Токаев аталган базар "көп киреше таба турган жайга" айланганын айткан. Өткөн аптада базардагы текшерүүнүн жүрүшүндө 1,1 миллиард теңгелик салык мыйзамдары бузулганы аныкталганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG