Ссылки доступа

Душанбенин тургуну ашык эсептелген электр кубаты үчүн энергетиктер менен соттошууда (видео)


Назаршо Лангаршоев

Душанбе шаарынын жашоочусу электр кубаты ашыкча эсептелгени үчүн "Душанбе шаардык электр түйүндөрү" ачык акционердик коомун сотко берди.

Назаршо Лангаршоев электр энергиясы үчүн өз убагында төлөм жүргүзүп келгенин, бирок күтүүсүздөн анын карызы 600 сомониден (48 доллардын тегереги) ашып кеткенин айтты. Электр түйүндөрү анын электр эсептегичи бузулганын жана колдонулган электр кубатын толук эсептебей жатканын билдиришкен.

Электр эсептегич лабораторияга жөнөтүлгөн. Бирок Лангаршоев текшерүүнүн натыйжасына ишенбейт.

Ал тескөөчү жабдуунун бузулганы жөнүндө алдын ала эскертүү бербегенине нааразы.

Шохмансур райондук соту карызды тең экиге бөлүүнү чечти: бир бөлүгүн колдонуучу, экинчи бөлүгүн жоопкер төлөйт.

Лангаршоев өз карызын төлөп бүттү, жоопкер төлөй элек. Анын айтымында, мындай убаралуу иш кайра башталса, ал энергетиктерди экинчи жолу сотко берүүгө даяр.

Быйыл февралда бийлик калктын электр энергиясына болгон карызы 1,3 миллиард сомониден ашканын билдирген. Эксперттер бул статистикага анча ынана беришпейт.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG