Ссылки доступа

Чымкентте ипотекалык программага нааразы болгон жарандар акцияга чыгышты


Чымкент шаарында ондогон киши акимчиликтин алдына чогулуп, апрелдин башында "7-20-25" программасынын алкагында өткөрүлгөн кредиттик турак-жай сатуу боюнча сынактын мыйзамсыз деп табылышына каршылык билдиришти.

Чогулгандар сынактын бардык шарттарын аткарып, баштапкы төлөмдөр төлөнгөнүн айтып, батирлердин берилишин талап кылууда.

"Мен сынактын жыйынтыктарын жараксыз деп табууга каршымын. Сынак расмий өткөрүлгөн. Буга чейин акимчилик эмнени карап турган?" — деди Арслан Алтай аттуу шаар тургуну.

Жеке компаниялардын биринде эсепчи болуп иштеген 26 жаштагы Зере Байарыстанова эки бөлмөлүү батир алууга документтерин тапшырганын билдирди. "Биз бекер турак-жай бергиле дегенибиз жок. Сынак расмий түрдө өткөн. Эми сынак аяктады, акчаңарды кайтарып беребиз деп жатышат. Мен буга каршымын", — деди ал.

Чогулгандардын алдына Чымкенттин акими Ергали Билисбеков чыгып, "7-20-25" программасы боюнча Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигине кайрылуу керектигин айтты.

Чымкентте "7-20-25" программасы боюнча жеңилдетилген баалар менен 900 батир сатылууда. Чарчы метри 180 миң теңгеден сатыла турган батирлерди алууга акимчиликтин Турак-жай башкармалыгына 12 билдирме келип түшкөн. Сынак аяктагандан кийин тандалып алынгандардын арасында район акимдери жана түрдүү башкармалыктардын жетекчилери да бар экен белгилүү болгон.

Билисбековдун айтымында, бул программага катышуудагы негизги талап – билдирме берген адамдын жеке катталган турак-жайы болбошу керек. "Билдирме берген аткаминерлердин жеке турак-жайлары жок. Демек алар бул программа боюнча батир алууга талапкер боло алышат. Азыр тизмедеги 35 аткаминердин 15и өз каалоолору менен билдирмелерин артка чакыртып алышты", - деди аким.

25-апрелде Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Каирбек Ускенбаев Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба комитети "7-20-25" программасы боюнча өткөн сынакты мыйзамсыз деп тапканын билдирген. Анын айтымында, сынакты "министрлик менен акимчиликтин макулдугусуз өткөргөн" Чымкенттин Турак жай саясаты башкармалыгынын жетекчиси Галымжан Утенбаев убактылуу кызматынан четтетилип, ага каршы кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG