Ссылки доступа

Абдулазиз Камилов Өзбекстандын ТИМ башчысы кызматынан бошотулду


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынды. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын айтымында, Камилов президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

29-мартта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Абдулазиз Камилов өнөкөт оорусуна байланыштуу ооруканага түшүп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирген.

Камиловду Өзбекстандын тышкы иштер министри кызматына 2012-жылы өлкөнүн ошол кездеги президенти Ислам Каримов дайындаган. Ал бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин кызмат ордун сактап калган жалгыз өкмөт мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG