Ссылки доступа

Алия Назарбаева Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын башчылыгынан кетти


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева өлкөнүн Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиум башчылыгынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Экологиялык уюмдар ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы Айгүл Соловьеванын айтымында, Назарбаева ыйгарым укуктарынан январь айында эле баш тарткан.

"Ооба, Алия Назарбаева Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумунун башчысы ыйгарым укуктарын январдын аягында эле өткөрүп берген. 4-февралда ассоциациянын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынын өткөргөнбүз", — деген Соловьева Tengrinews.kz сайтына берген маегинде.

Алия Назарбаева Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумун 2017-жылы ноябрда уюм түзүлгөндөн бери жетектеп келген. Расмий маалыматка ылайык, аталган ассоциация экологиялык демилгелерди өнүктүрүү менен алектенет.

Өткөн жумада Казакстан таштанды иштетүүчү алты завод куруу ниетинен баш тарткан. Ага чейин заводдорду куруу ишин Алия Назарбаевага таандык экени айтылып жүргөн Waste2Energy компаниясы аткара турганы кабарланган.

Февралда "Казакстан темир жолу" ишканасы Instant Payments компаниясы менен түзүлгөн келишимди мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарганын билдирген. Документтерде аталган компаниянын түзүүчүсү катары Алия Назарбаева көрсөтүлгөн.

Январда Токаев Алия Назарбаева менен байланышы бар экени айтылган "Оператор-РОП" компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасына жүктөгөн.

Расмий маалымат боюнча кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын таасири азайып, азыркы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин таасири тескерсинче өсүп жатканы белгиленип келет.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG