Анын айтымында, редакцияга 14-апрелде жөнөтүлгөн катта сайттагы жаңылыкта "мыйзам бузуу менен жазылган маалымат бар экени" көрсөтүлгөн.
"Ал жаңылыкта BBC News'ка шилтеме берилип, Евробиримдиктин Орусияга киргизген жаңы санкциялары жөнүндө жазылган. Катта биздин макалада "Орусиянын Куралдуу күчтөрү жүргүзүп жаткан атайын аскердик операция тууралуу жалган маалымат" бар экени белгиленген. Мындан тышкары ал макала бир сутканын ичинде өчүрүлүшү керектиги, болбосо хостинг-провайдер сайтка кирүү мүмкүндүгүн чектей турганы эскертилген", — деди Дмитрий Ким.
Ал 15-апрель күнү эртең менен "Роскомнадзорго жакпай калган жаңылык" сайттан өчүрүлгөнүн кошумчалады. "Бизге ойлонууга бир гана сутка убакыт беришти. Ошондуктан азырынча Орусиядагы окурмандарыбызды биздин сайттагы маалыматтарга жетүү укугунан ажыратпоо чечимин кабыл алып, жаңылыкты өчүрдүк", - деди Ким.
Бул 24-февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери Роскомнадзор Казакстандагы ЖМКнын ишмердүүлүгүнө кийлигишкен алгачкы учур болуп калды. Акыркы эки айдын ичинде Орусиянын өзүндө цензура күчөп, көптөгөн көз карандысыз жана чет өлкөлүк басылмалардын сайттары бөгөттөлдү.