Ссылки доступа

Садыр Жапаров: чек ара көйгөйүн чечүүдө кылдаттык жана сабырдуулук керек


Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы былтыр 28-апрелде башталган куралдуу жаңжалдын бир жылдыгына карата анда курман болгондорду эскерип кайрылуу жасады.

Анда бул күндөр өлкөнүн эгемен тарыхында эң кайгылуу, оор күндөр катары элдин эсинде калганын белгиледи. Жаңжалда мерт болгондордун жакындарына, жараат алып, жабыркагандарга коомчулук, мамлекет колунан келген жардамын бергенин жазды. Ошондой эле Баткен оболусунун өзгөчө макамына ылайык, аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн атайын план-программалар даярдалганына токтолду.

"Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да уланат! Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар", деп айтылат кайрылууда.

Былтыр жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

XS
SM
MD
LG