Ссылки доступа

Украинада тажик тектүү дагы бир орусиялык жоокер каза болду (видео)


Абубакр Нозимов
Абубакр Нозимов

Тажикстанда туулуп-өскөн орусиялык аскер кызматкери Абубакр Нозимовдун сөөгү 23-апрелде Барнаул шаарында жерге берилди.

Жакындарынын айтымында, 24 жаштагы Нозимов Украинадагы согушка 15-февралда жөнөтүлүп, 12-апрелде Харьков шаарын курчоого алуу аракети маалында желкесине ок тийип каза болгон.

Тажикстандын Ашт районунда туулуп-өскөн Нозимов аскердик окуу жайды аяктап, орус паспортун алгандан кийин 2018-жылы Новосибирск шаарында кызмат өтөй баштаган. Акыркы эки жылда Самара шаарындагы аскердик бөлүктө сержант наамында келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. Быйыл жыл башында ал Москвадагы 2120208-аскердик бөлүктүн командири болуп дайындалган.

Маркум жоокердин таежесинин айтымында, Нозимов үйдүн жалгыз уулу болчу жана ата-энеси аны быйыл үйлөндүрүүнү пландап жаткан.

Еще один уроженец Таджикистана погиб в войне в Украине
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00

Ал ортодо Тажикстандагы көрүстөндөрдө Украинадагы согушта каза болгон тажик тектүү орусиялык жоокерлердин жаңы мүрзөлөрү пайда болууда. Бир нече күн мурда ЖМКлар Украинада Жалолиддин Балхи районунун тургуну Махмадали Абдуллоев каза болгонун жазышкан. Анын жакындары маркумдун сөөгү мекенине жеткирилгенин айтышкан.

Украинада эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан согушка Тажикстанда туулуп-өскөн канча аскер катышып жатканы белгисиз. Андан бери орус армиясында кызмат өтөгөн кеминде жети тажик тектүү жоокердин каза болгону ырасталды.

Жакында украин басылмалары согушка катышып жаткан орусиялык аскерлердин тизмесин жарыялаган. Анда Борбор Азия өлкөлөрүндө туулуп-өскөн 6 миңге жакын жоокер болсо, алардын 100ү тажик тектүү экени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG