Ссылки доступа

Алматы прокуратурасы камактагы депутатка кысым болуп жатканы тууралуу билдирүүлөрдү текшерет


Алматы шаардык прокуратурасы Январь окуяларына байланыштуу кармалган жергиликтүү кеңештин депутаты Кайрат Кудайбергенге полиция тарабынан кысым болуп жатканы тууралуу маалыматтарды текшерет.

Күн мурун казак басылмалары адвокатка шилтеме кылып, полиция кызматкерлери "тергөөгө керектүү көрсөтмөлөрдү алуу үчүн" Кудайбергенге кысым көрсөтүп жатышканын кабарлашкан.

Алматы шаардык прокуратурасы Кудайбергендин иши боюнча тергөө амалдары "кылмыш-процессуалдык мыйзамга ылайык" жүрүп жатканын билдирди. "Ошол эле маалда ЖМКларда тарап жаткан маалыматтар текшерилип, укуктук баа берилет", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ал ортодо социалдык түйүндөрдо Кайрат Кудайбердендин апасы Бибигүл Каболдина демилгелегени айтылган петиция пайда болду. Анын текстинде кармалган депутат жана коомдук ишмердин "январдагы башаламандыктарды уюштурууга" тиешеси жок экени жазылып, "аны тез арада бошотуу үчүн бардык керектүү чаралар" кабыл алынышы керектиги белгиленген.

Алматы шаардык кеңешинин депутаты кармалганы 22-апрелде белгилүү болгон. Анда прокуратура Кудайберген "Дикий Арман" деген каймана ысым менен белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиев (учурда камакта) менен бирге Январь окуялары маалында "жапырт башаламандыктарды уюштурган жана катышкан" деп шектелип жатканын билдирген.

25-апрелде Алматынын тергөө соту Кудайбергендин бөгөт чарасын карап, аны 30 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Кудайберген Январь окуяларынан кийинки маектеринде аянтка чогулган адамдарды тынчтыкка жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырганын айткан. Ал Алматы шаардык кеңешине депутат болуп 2021-жылы шайланган.

26-апрелде Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларынан кийин козголгон кылмыш иштери боюнча 243 киши соттолуп, дагы 585 адам тергөө аяктаганга чейин камакка алынганын кабарлаган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуялары маалында бери дегенде эле 238 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG