Ссылки доступа

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кошумча көзөмөл-өткөрмө бекеттерди ачуу пландалууда


2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кошумча 3-4 көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу пландалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев билдирди.

Депутат Эльдар Сулайманов Жогорку Кеңештин 27-апрелиндеги жыйынында Чек-Абад айлында (Ош облусунун Араван району менен Анжиян облусунун Мархамат районунун ортосунда) пост болгонун жана жабылып калганын маалымдады.

«Менин маалыматым боюнча Кыргызстанга чек араны ачуу үчүн Өзбекстандан 40 кишиден турган делегация келет. Көмөк көрсөтүшүңүздү сурайм», — деди депутат.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунда бул маселе көтөрүлгөнүн айтты.

«Кайсы ишти алар, кайсы ишти биз аткара турганыбызды карап чыгышыбыз керек. Көп убакыттан бери бул маселени талкуулап келебиз, быйыл болсо 3-4 көзөмөл-өткөрмө бекет ачууга шарт түзөбүз», — деп кошумчалады ал.

Мурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров Кыргызстан менен Өзбекстан Жалал-Абад облусунун чек ара аймагында (Ханабад менен чектеш жеринде) кошумча көзөмөл-өткөрмө бекет ачуу маселеси талкууланып жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG