Ссылки доступа

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды


1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат.

Мындан эки күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар жок экенин билдирген. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин азайып, айрым күндөрү катталбай жатат. Өлкөдө COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 200 990 адам, 2991 бейтап көз жумду.

Жалпысынан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, толук эмделгендер 1,3 миллионго чукулдады. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Апрелдин башында Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 20% жете электигин билдирген. Мындай төмөн көрсөткүчкө медиктер арасында өздөрү эмдөөнү толук түшүнбөй, калкка жеткиликтүү маалымат бербей жатканы себеп экени айтылган.

XS
SM
MD
LG