Ссылки доступа

Владимир Норов Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткарат


Владимир Норов Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ошол эле маалда ага министрдин милдетин аткаруу иши жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Норов 2006-2010-жылдары Өзбекстан ТИМинин башчысы болгон.

Апта башында Абдулазиз Камилов Өзбекстандын тышкы иштер министри кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча орун басарлыгына дайындалган.

Камилов парламенттин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын, Украинанын бүтүндүгүн сыйлай турганын жарыялаган.

Мындан кийин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Абдулазиз Камиловдун саламаттыгы начарлап, он күн ооруканада жатканын кабарлаган.

Абдулазиз Камилов Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигин он жыл башкарган.

XS
SM
MD
LG