Ссылки доступа

Булак: Рахмондун туугандары мейманкана жана турак жай комплексин куруу үчүн тарыхый имараттарды бузууда


"Афсона" куурчак театрынын имараты. Сүрөт "Азия-Плюс" сайтынан алынды
"Афсона" куурчак театрынын имараты. Сүрөт "Азия-Плюс" сайтынан алынды

Хатлон облусунун административдик борбору Бохтар шаарындагы "Ватан сарайы" менен "Афсона" куурчак театры түрттүрүлөт. Өз булактар бул тарыхый имараттардын ордуна өлкө президенти Эмомали Рахмондун жакындары мейманкана жана турак жай комплексин курууну пландап жатканын кабарлашууда.

"Ватан сарайы" түрттүрүлө турганын "Озоди" радиосунун жергиликтүү мамлекеттик мекемелердеги үч булагы ырастады. Алардын айтымында, анын ордуна президент Эмомали Рахмондун кайниси, ишкер Мухибулло Саъдуллоев заманбап мейманкана курат. Журналисттер бул маселе боюнча ишкердин өзүнөн комментарий алуу үчүн аны менен байланыша алган жок.

Булактардын билдиришинче, шаардагы "Афсона" куурчак театрынын имаратын ишкер Хожи Зайнулло (Зайнулло Сохибов) бузуп, ордуна көп кабаттуу турак жай комплексин курууну пландап жатат. Ал президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибовдун бир тууганы.

Учурда аталган имараттарды бузууга даярдыктар көрүлүүдө. "Ватан сарайында" иштеген "Шашмаком" ансамбли менен "Хутал" музыкалык тобунун мүчөлөрү Шаардык маданият үйүнүн, "Афсон" театрынын кызматкерлери облустук театрдын имаратына көчүрүлүүдө.

"Ватан сарайынын" имараты 1955-жылы, "Афсон" театрынын имараты 1940-жылдары курулган.

Бохтар шаардык Маданият башкармалгынын өкүлү аталган имараттар чынында эски курулуш экенин ырастап, бирок алар архитектура эстелиги эмес экенин жана Хатлон облусундагы тарыхый объектилердин тизмесинде жок экенин айтты.

Бохтар акимчилигиинин Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн жетекчиси Валижон Ятимзода "Ватан сарайы" менен "Афсон" театрынын имараттары шаардын башкы планына ылайык бузула турганын билдирди. Анын айтымында, алардын ордуна 16 кабаттуу турак жай комплекси жана заманбап мейманкана курулат.

Азырынча аталган объектилерди курууга сынак же тендер жарыяланган-жарыяланбаганы белгисиз.

Мухибулло Саъдуллоев – Хатлон облусунда ишкер катары белгилүү. Зайнулло Сохибов 2020-жылы тажик өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган. Ага чейин "Тажикцемент" мамлекеттик компаниясында башкы директор, "Тажикпром" ишканасынын Яван районундагы бөлүмүнүн жетекчи орун басары кызматтарында иштеген.

Тажик оппозициясы буга чейин президент Эмомали Рахмонду тууганчылдык жана жердешчилик үчүн бир нече жолу сынга алган. Алардын айтымында, Тажикстанда мамлекет башчынын жакын адамы болбосоң, ири жана маанилүү объектилерди курууга уруксат алуу өтө оор.

XS
SM
MD
LG