Ссылки доступа

Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча республикалык референдум өткөрүүнү сунуштады.

Токаев Казакстанда Конституция боюнча референдум акыркы жолу 1995-жылы өткөнүн, анда азыркы Баш мыйзам кабыл алынганын белгиледи.

"Андан соң "Республикалык референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам кабыл алынып, бирок иш жүзүндө бир да жолу колдонулган эмес. Ага карабай Конституцияга төрт жолу өзгөртүүлөр киргизилген. Жалпы элдик добуш берүү менен Конституцияны өзгөртүү – элдин эрки", - деди Токаев.

Жалпысынан 33 берене боюнча 56 өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Токаев референдум ар бир жаранга эл тагдырын аныктоо ишине катышууга мүмкүндүк берерин, демократияга багыт алууга шарт түзөрүн белгиледи.

25-апрелде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен алектенип жаткан жумушчу топ түзөтүүлөр жөнүндө маалымат жарыялаган. Бул өзгөртүүлөрдө 1995-жылы таратылган Конституциялык сотту кайра куроо; президенттин саясий партияларга мүчө болушуна, анын жакындары менен туугандарына саясий жана квазимамлекеттик сектордо жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу; парламенттин иши менен шайлоо системасын өзгөртүү маселелери камтылган. Арасында биринчи президентке "көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү" макамын берүү сунушу да бар. Бирок бул демилге коомчулукта сынга алынууда.

XS
SM
MD
LG