Ссылки доступа

Ереванда көчөлөрдү тосууга аракет кылган акция катышуучулары кармалды


Армениянын борбору Ереван шаарында башталган "баш ийбөө" акцияларынын көчөлөрдү тосууга аракет кылган 244 катышуучусу кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалгандардын айрымдары бир нече саат сурак бергенден кийин бошотулууда. Алардын кээ бирлерине 50 миң драм (110 доллар) өлчөмүндө айып пул салынган.

Акцияны уюштургандардын бири, парламенттеги оппозициялык "Айастан" фракциясынын мүчөсү Ашот Симонян кармалып турат. Анын кесиптештери муну айыптап, анын депутаттык кол тийбестиги бар экенин айтышууда.

1-майда Еревандын борбордук аянтына миңдеген адам чогулуп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган. Алар акцияны түнү менен улантарын жарыялашкан. Оппозиция 2-майдан тартып, “баш ийбөө” акциялары башталарын жар салган. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде олтургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап жатышат. Эң негизги акция өткөн "Франция" аянтынын төрт тарабы тең тосулду.

Эки апта мурда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатканын" айткандан кийин акциялар башталган. Оппозиция муну армян өкмөтүнүн Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп баалап жатат.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG