Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө 1-майда кармалган эки тургунга айып пул салынды


Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаардык соту жергиликтүү эки тургунду —Жадыра Доскеева менен Бактыгүл Кулманованы "мыйзамсыз митингге катышууга" күнөөлүү деп таап, ар бирин 91 890 теңгеден (20 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Доскеева 2021-жылы августта коронавируска каршы мажбурлап эмдөөгө каршы өткөн акцияга катышканы үчүн соттолгонун билдирди.

"Апрель айында митинг өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен Жаңы-Өзөн акимчилигине беш жолу арыз жаздым. Уруксат беришкен жок. Мени жоопкерчиликке тартууга дээрлик бир жыл мурдагы акция шылтоо болду", - деди ал.

Маалыматка караганда, сот Доскееванын көп балалуу эне экенин эске алып, ага белгиленген айып пулду 30% азайтты. Бактыгүл Кулмановага ушул эле айып менен 91 890 теңге өлчөмүндө айып пул салынды.

Жекшемби күнү Жаңы-Өзөндүн борбордук аянтына жакын жерге чогулууга аракет кылган бир нече киши кармалды. Алар полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттан кийин кое берилди. Күбөлөрдүн айтымында, полиция кармалгандардын колундагы плакаттарды жакынкы таштанды челекке алып барып, өрттөп жиберишти.

Буга чейин Казакстандын түрдүү аймактарында активисттер 1-майда өлкөнүн ЕАЭБ менен ЖККУдан чыгуусун жана Украинадагы согушка каршы болуусун талап кылган митингдерди өткөрүүгө уруксат сурап арыздарды жазышкан. Бирок алардын бирине да уруксат берилген эмес.

1-майда Казакстандын бир нече аймагында, анын ичинде Нур-Султан жана Алматы шаарларында полиция кызматкерлери күтүлгөндөй эле митингге чогулууга аракет кылган адамдарды кармашты. Көкшетау шаарында эртең менен беш активист кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Онлайн соттун жыйынтыгы менен аларга апрелде Украинанын желеги менен өткөн автожүрүшкө байланыштуу административдик эскертүү берилди.

XS
SM
MD
LG