Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активист Асхат Жексебаев эркиндикке чыкты


Казакстанда 13 активисттин иши боюнча былтыр беш жылга соттолгон жарандык активист Асхат Жексенбаев  3-майда Заречныйдагы колониядан чыкты.

Түрмө кызматкерлери 50 жаштагы активистти шейшемби күнү эртең менен колониядан Алматыдагы үйүнө алып келишти. Жексебаевди жергиликтүү активисттер тосуп алышты.

15-апрелде сот Асхат Жексебаевдин жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн түрмө тышында өтөө жөнүндө чечим чыгарган.

Асхат Жексебаев буга чейинкидей эле "тыюу салынган уюмдун ишине катышуу" иши боюнча өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Ал "Көчө партиясы" кыймылын актап, аны партия катары расмий түрдө каттоодон өткөрүүгө аракет жасай турганын айтты. "Кассацияга даттанып, "Көчө" кыймылынын экстермисттик уюм эмес экендигин далилдейбиз", - деди Жексебаев.

Былтыл 11-октябрда Алматынын Алмалы райондук сотунун чечими менен Абай Багимбетов, Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев жана Ноян Рахимжанов беш жылга соттолгон. Дагы тогуз активисттин эркиндиги бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө чектелген. Мындан тышкары сот аларга социалдык түйүндөрдү колдонуу менен коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө үч жылдан беш жылга чейин тыюу салган. Активисттер айыптоолорду четке кагып, апелляциялык сотко кайрылышкан. Алар өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдарынын ишине катышууга айыпталган.

XS
SM
MD
LG