Акыркы жылдары 21 жаштагы Разави Навбахоров самбо боюнча бир катар эл аралык мелдештерге катышкан.
Анын ичинде 2018-жылы Германияда өткөн турнирде 62 килограмм салмакта алтын медаль, ошол эле жылы Сербида өткөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.
2019-жылы Монголияда өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында 70 килограмм салмакта экинчи орунду камсыздаган.
Тажикстандын Самбо боюнча федерациясынын башкы катчысы Махмуд Абдуллоев “Озоди” радиосуна билдиргендей, Разави Навбахоров февралда Минскте өткөн Самбо боюнча Европа кубогунда коло байгени алган.
“Алты тажик балбанынын арасынан Разави Навбахоров гана медаль алды. Ал 79 килограмм салмакта үчүнчү орунду алып, коло медалга татыды”, - деди ал.
Минскте өткөн Европа кубогу тажик самбочулары үчүн 2022-жылдагы алгачкы эл аралык турнир болуп калды.