Ссылки доступа

Казакстандын бажысында мыйзам бузгандардын тизмесинде "Назарбаевдин карындашынын" компаниясы да бар


Казакстандын Башкы прокуратурасы товарларды бажыда декларациялоо тармагында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мыйзам бузган компаниялардын тизмесинде түптөөчүлөрүнүн бири катары Анипа Назарбаева көрсөтүлгөн Group Of The Companies Tda компаниясы да бар. Анын жеке маалыматтары өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин карындашынын маалыматтары менен дал келет.

"Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу жана товарларды туура эмес декларациялоо фактылары аныкталды. Анын айынан мамлекетке 165 миллиард теңге зыян келтирилген. Кытай менен чек арадагы бажы бекеттеринде эле товарлар туура эмес декларацияланган 367 учур белгилүү болду", - деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, "ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор ишкерлердин салык төлөбөшүнө мүмкүнчүлүк берүү максатында" акыркы эки жылдын ичинде 221 миллиард теңгелик эсеп-фактурасын жасалмалашкан.

"Алты айлык текшерүүнүн жыйынтыгында 800 миллион теңгелик аткезчиликтин 16 фактысы аныкталды. Алсак, Group Of The Companies Tda компаниясын текшерүүдө 287 миллион теңгелик товар декларацияланбаганы белгилүү болуп, анын директору камакка алынды", - деди Башкы прокуратуранын өкүлү Дархан Дүйсембай.

Оrda.kz сайтынын маалыматына караганда, Group Of The Companies Tda компаниясынын түзүүчүлөрү Анипа Назарбаева менен Али Клышпаев. Документтерде Клышпаев компаниянын директору катары да көрсөтүлгөн. Ал мамлекеттик чек ара аркылуу жалпы баасы 585 миллион теңгени түзгөн товарды мыйзамсыз алып өткөн деп шектелүүдө.

Мындан тышкары текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери да аныкталган. Мамлекеттик кирешелердин Алматы шаардык департаментинин кызматкери атайын системага киргизиле турган маалыматтарды өзгөртүп, тогуз компаниянын 143 миллион теңгелик бажы төлөмдөрүн төкпөстөн жүктөрүн алып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Ошондой эле "Нур жолы" бажы бекетинин башчысы менен анын орун басары прокуратура кызматкерлерине пара берген деп шектелип кармалган.

Дүйшембай бул фактылардын бардыгы боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бажыны көзөмөлдөө тармагындагы бул көйгөйлөрдү жоюу үчүн өкмөткө прокурордук көзөмөл актысы да киргизилди.

Январь окуяларынан кийин Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен жакындары таасирин жогото баштаганы айтылып келет. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды менен мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген. Мындан тышкары өткөн айда Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды 2017-жылы өткөн кышкы Универсиада объектилерин оңдоо үчүн бөлүнгөн каражатты уурдоого шектелип жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG