Бул тууралуу Өзбекстандын Маданий мурастар агенттиги билдирди.
Өткөн аптада Зоология институтунун директору, биология илимдеринин доктору Бахтияр Холматов Ташкенттеги брифинг учурунда Ичан-Кала тарыхый комплексиндеги 33 тарыхый эстеликте чегилген жыгачтарга зыянкечтер олуттуу зыян келтирип жатканын айткан.
Агенттик 58 тарыхый-архитектуралык эстеликти зыянкеч курт-кумурскалардан сактоо боюнча көп жылдан бери илимий-практикалык иш жүрүп жатканын белгиледи.
Он жыл мурун 34 объектини курт-кумурска уялап кеткени аныкталган. Ошондон бери химиялык жана биологиялык ыкмалар менен дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп келет.
Агенттик Борбор Азия өлкөлөрүндө термиттердин (жыгач зыянкечтери) төрт түрү бар экенин билдирди. Алар кылымдар бою Өзбекстандагы жыгачтан оюлган архитектуралык эстеликтерге зыян келтиришүүдө.