Ссылки доступа

Токаев соцтармактарды жөнгө салууга багытталган талаштуу мыйзамга кол койду


3-майда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев балдар укугун коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзамга ылайык, бийлик мессенжерлер менен соцтармак ээлеринен балдарга карата кибербуллинг деп таанылган контентти алып таштоону талап кыла алат.

20-апрелде Казакстан парламентинин мажилиси сенат өзгөрткөн жоболорго макул болгон.

Сенат кибербуллингди аныктоо үчүн эксперттик комиссия түзүү жана кибербуллинг деп таанылган материалды алып таштоо маселелерине тактоо киргизген. Сенат төрагасы Маулен Ашимбаев мыйзам долбоорунан маалымат министрлигинин интернет-ресурстарга, соцтармактар менен мессенжерлерге өз алдынча чектөө коюп, жумушун токтотууга мүмкүндүк берген “кеңири ыйгарым укуктары” жоюлганын айткан.

Медиакоомчулук бул цензуранын дагы бир куралы экенин айтып, мыйзам долбоорун жакшылап иштеп чыгууну сунуштаган. Документти кабыл алууга каршы петиция жаряланып, митинг уюштурулган.

XS
SM
MD
LG