Ссылки доступа

Назарбаевдин камактагы иниси "Казактелекомдогу" акцияларын "өкмөткө белек кылууга" даяр


"Самрук-Казына" фондунун башкармалыгынын төрагасы Алмасадам Саткалиев "Казактелеком" улуттук телекоммуникациялык компаниянын акцияларынын тагдыры тууралуу суроолорго жооп берди.

Буга чейин казак өкмөтү бул компаниянын акцияларынын 28,8% мамлекеттин менчигине кайтаруу тууралуу токтом кабыл алган. Мурдараак ал акцияларга Skyline Investment Company S.A жана Alatau Capital Investment компаниялары аркылуу Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды ээлик кылары кабарланган.

Алмасадам Саткалиев мурда бул акциялар өкмөттөн сатылып алынганын белгиледи.

— Биздин маалыматыбыз боюнча, Кайрат Сатыбалды бул акцияларды өкмөткө "белекке берүүгө даяр". Кийин ал акцияларды эмне кылуу керектигин өкмөт аныктайт: балким "Самрук-Казынага" берет же башка чечим кабыл алат. Биз мындай чечимди колдойбуз. Ал ачык-айкындуулукту жогорулатууга, фондулук базарды өнүктүрүүгө жана портфелдик компаниялардын деңгээлинде адилеттүү чечимдерди кабыл алуу процессине өбөлгө болот, — деди Саткалиев.

Ошол эле маалда ал "акцияларды өкмөткө өткөрүп берүү чечими Кайрат Сатыбалдынын камакка алынышына байланыштуубу-жокпу?" деген суроону жоопсуз калтырды.

"Казактелекомдун" жогоруда айтылган акциялары мамлекетке өткөрүлөрү тууралуу маалымат 12-апрелде пайда болгон. Ага чейин 13-мартта Сатыбалды "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казахтелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдалышы" фактысы боюнча камакка алынганы кабарланган. Анда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалдынын мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмыштарга катышы бар-жогу иликтенип жатканын билдирген. 15-мартта Нур-Султанда анын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалды "Казахтелеком" телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Сатыбалды 2016-жылы өзүнүн Alatau Capital Invest компаниясы аркылуу "Казактелекомдун" акцияларынын 4% аз бөлүгүн сатып алган.

XS
SM
MD
LG